Дүйнө Чемпионаты-2026: Сенсация жараткан Кабо-Верде Сауд Арабияны жеңип, плей-оффго чыга алабы?
Новость

27-июнда саат 06:00дө Дүйнө чемпионатынын 3-турундагы H тайпасында сенсация жаратып жаткан Кабо-Верде курамы плей-оффко тарыхый жолдомо алуу үчүн Сауд Арабиясына каршы майданга чыгат. 

Эки команда тең кийинки этапка өтүү мүмкүнчүлүгүн сактап турат, бирок көрсөткөн оюндары ар башка.

Дебютант Кабо-Верде күтүлбөгөн жыйынтыктарды көрсөтүп жатат. Биринчи турда Испания менен 0:0, андан кийин Уругвай менен 2:2 ойноп, дүйнөнү таң калтырды. 

Сауд Арабия алгачкы турда Уругвайдан упай тартып алганы менен (1:1), экинчи турда Испаниядан ири эсепте утулуп калышты. Кайсы курама жеңишке жетет?

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.