27-июнда I тайпасындагы 3-турдун оюндары жыйынтыкталды. Тайпадагы лидерлер Франция менен Норвегия курамасы кез келип, беттеш франциялыктардын жеңиши менен 4:1 эсебинде аяктады. Оюндун биринчи бөлүгүндө эле Усман Дембеле хет-трик жасады. 90+4 мүнөттө Дезире Дуэ төртүнчү голду киргизди.
Норвегиянын жалгыз голун 21-мүнөттө Тело Осгор киргизди.
Бул тайпадагы Сенегал курамасы Иракты ири эсепте утуп алды. Голдорду Гейе, Пап дубль жасаса, Абиб Диарра, Исмаил Сарр жана Ллиман Ндиайе киргизишти.
I тайпасындагы турнирдик таблица:
Франция - 9 упай.
Норвегия - 6 упай.
Сенегал - 3 упай.
Ирак - 0 упай.
Беттештердин баары УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.