2026-жылдагы Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында футбол күйөрмандарын кызыктуу беттеш күтүп турат.
Дүйнөнүн азыркы чемпиондору - Аргентина курама командасы турнирдин башкы сенсациясы жана дебютанты Кабо-Верде менен кездешет.
Оюн 4-июлда саат 04:00дө болот.
Аргентина курама командасы тайпалык баскычтагы оюндарды ишенимдүү өткөрүп, алгачкы эки беттеште Алжир жана Австрияны жеңип алды. Муну менен плей-оффко мөөнөтүнөн мурда жолдомо алды.
Болгону жарым миллионго чукул калкы бар Кабо-Верде курама командасы дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычына чыккан тарыхтагы эң кичинекей өлкө болуп калды.
Тайпалык баскычта күчтүү командаларга туш келгенине карабай 3 турда тең утулган жок. Сенсациялуу түрдө турнирдин фаворити Испания менен тең чыгып дүйнө элинин көңүлүн өзүнө бура алды. Андан соң дүйнөнүн эки жолку чемпиону Уругвай менен, 3-турда Сауд Арабиясы менен тең чыгып 3 упай алды.
Мундиалдагы ачылыш команданын башкы каарманы дарбазачы Возинья болду. Ал Испания менен болгон оюнда 7 сейв жасап, укмуштуудай оюн көрсөткөн. 3 беттештен кийин анын инстаграм социалдык тармагындагы катталуучуларынын саны 50 миңдең 17 миллионго жетти.
Кабо-Вердеге эч кандай басым жок. Алар плей-оффго чыгуу менен эле тарых жаратышты.
Аргентина катачылык кетирбеш керектигин жакшы түшүнөт, ошондуктан дебютант атаандашына карата олуттуу мамиле менен чабуул жасары анык.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.