28-июнда саат 03:00дө Мундиалдагы L тайпасында акыркы турдун оюндары өтөт. Анда Англия менен Панама кез келишет.
Англия алгач Хорватияны 4:2 эсебинде уткан. Экинчи турда Гана менен тең чыгып, упай жоготкон. Мындан улам плей-оффго түз жолдомо ала албай калышкан. Тайпада 1-орун менен чыгуу үчүн бул беттеште сөзсүз жеңишке жетиши керек.
Панама курамасы Гана жана Хорватиядан утулуп, плей-оффго чыгуу мүмкүчүлүгүн жоготкон.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.