Бүгүн, 28-июнда АКШнын Атланта шаарында Дүйнө чемпионатынын К тайпасындагы Өзбекстан менен Конго ДР ортосунда беттеш башталды.
Оюндун 10-мүнөтүндө Шомуродов гол киргизип, эсепти ачты.
17-мүнөттө конголук Мбуку эсепти теңдеп, 1:1 болду.
Кайталоодо Мбуку Насрулаевге орой мамиле жасаганы көрүнүп, гол жокко чыгарылды.
21-мүнөттө Шүкүровго каратай орой ойногону үчүн Ноа Садики сары айып кагазын алды.
38-мүнөттө Хамдамов футбол талаасынын сол канатынан топ дарбазаны көздөй топ тепти, бирок гол кирген жок.
42-мүнөттө Мбуку бурчтан топ тепти, бирок гол жарата алган жок.
43-мүнөттө Адбукодир Хусонов каршылашын сүзүп, сары айып кагазын алды.
Беттештин биринчи бөлүгүнүн негизги убактысы бүттү. Калыс 45+7 мүнөт кошуп берди.
45+3 Сипенга футбол талаасынын сол канатынан топ тепти, өзбекстандыктар топту тосуп калышты. Конго курамасынын оюнчулары чабуулду улантууда.
45+5 Өзбекстан курамасы акыркы мүнөттөрдө коргонуу аракетин гана көрүүдө.
45+5 Файзуллаевди контрчабуулда түрткөнү үчүн конголук Натанаэль Мбуку сары айып кагазын алды.
45+6 Файзуллаев топ тебүү мүмкүнчүлүгүн алды, бирок дарбазага таамай тебе албай калды.
45+7 Калыстын ышкырыгы жаңырды. Биринчи тайм бүттү.
Экинчи тайм башталды.
48-мүнөттө Шерзод Насруллаев Мбукуну футболкасынан тартканы үчүн сары айып кагазын алды.
61-мүнөттө конголуктар чабуулун күчөтүүдө. Висса топту башы менен дарбазага карай сокту. Ийгиликтүү болбой калды.
62-мүнөттө Самуэль Мутуссами топко ээлик кылганга аракет кылып жатканда каршылашынын бутуна тээп, сары айып кагазын алды.
67-мүнөттө Висса бурчтан чыгарылган топту тосуп алды. Хусанов топ талаш учурунда каршылашын жыгытты.
Пенальти болду. Висса гол киргизип, эсепти теңдеди.
78-мүнөттө Майеле экинчи голду киргизди.
90+1 мүнөттө Висса гол киргизди. Эсеп конголуктардын пайдасын 3:1.
Алгачкы эки турда тең Өзбекстан ири эсептерде утулуп калган эле. Үчүнчү оюндун жыйынтыгы менен Өзбекстан плей-офф баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн толугу менен ажырап калды.
Беттеш УТРК СПОРТ каналынан түз эфирде көрсөтүлүп жатат.