Германия менен Парагвайдын ортосундагы Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычынын беттеши күтүүсүз жыйынтык менен аяктады. Негизги жана кошумча убакыт 1:1 эсебинде бүттү.
Оюндун 42-мүнөтүндө парагвайлык Хулио Энсисио эсепти ачты. 54-мүнөттө Кай Хаверц гол киргизип, эсеп 1:1 болду.
Беттештин негизги бөлүгүндөгү натыйжа тең чыккандыктан, пенальтилер сериясы жарыяланды.
Парагвай чечүүчү соккуларда 4:3 эсебинде үстөмдүк кылды. Муну менен дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Германия мелдештен четтеп калды.
Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.