Бразилия Жапонияны 2:1 эсебинде утуп, 1/8 финалга жолдомо алды
Новость

Бразилия менен Жапония ортосундагы Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычындагы беттеш 2:1 эсебинде бразилиялыктардын пайдасына чечилди. Оюн акыркы мүнөттөргө чейин курч мүнөздө өттү. 

29-мүнөттө жапониялык Кайсю Сано эсепти ачкан. Экинчи таймда Каземиро эсепти теңдеди. Оюндун негизги убактысы бүтүп, кошумча берилген 90+5 мүнөттө Габриэл Мартинелли жеңиш голун киргизди.

Жыйынтыгында Бразилия 2:1 эсебинде жеңишке жетип, Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына жолдомо алды. Жеңилүү ызасын тарткан Жапония курама командасынын оюнчулары көзүнө жаш алып, күйөрмандарынан кечирим сурашты. Курама Мунидаль-2026 оюндары менен коштошот. 

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.