Марокко пенальтилер сериясында Нидерланд курамасын жеңип алды
Новость

Марокко менен Нидерланддын ортосундагы Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычындагы беттеш курч атаандаштыкта өттү. Негизги жана кошумча убакыт 1:1 эсеби менен аяктап, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды.

Оюндун 72-мүнөтүндө нидерланддык Коди Гакпо гол киргизип, эсепти ачты. Марокко курамасынын оюнчусу Исса Диоп 90+1 кошумча гол киргизип, эсепти теңдеди. 

Мындан улам пенальтилер сериясы жарыяланды. Анда марокколуктар 3:2 эсебинде жеңишке жетип, Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына жолдомо алышты. Ал эми Нидерлан курамасы Мундиаль-2026 менен коштошот. 

Марокко кийинки баскычта Канада менен кез келишет.

Беттештер УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.