Норвегия Кот-д'Ивуарды 2:1 эсебинде жеңип, 1/8 финалга жолдомо алды
Новость

1-июлга караган түнү 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында  Норвегия менен Кот-д'Ивуар кез келишти. Анда Норвегия курамасы 2:1 эсебинде жеңип, 1/8 финалга жолдомо алды. 

Оюндун 39-мүнөтүндө Антонио Нуса гол киргизип, эсепти ачты. 74-мүнөттө Амад Диалло эсепти теңдеди. 

Бирок беттештин 86-мүнөтүндө Эрлинг Холанд жеңиш голун киргизип, командасына тарыхый жеңиш тартуулады. Бул Норвегиянын дүйнө чемпионаттарынын плей-офф этабындагы алгачкы жеңиши болду. 

Бул жеңиштен кийин Норвегия 1/8 финалда Бразилия курамасына каршы ойнойт. 

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.