Бишкекте 1-июлдан тарта автобуста жол кирени накталай төлөө токтотулат
Новость

Бишкек шаарында 1-июлдан тарта муниципалдык автобустарда жол кирени кагаз акча жана тыйын менен төлөө токтотулат. Бул тууралуу мэрия эскертти.

Маалыматка ылайык, жол кирени "Тулпар" картасы, Visa, Mastercard жана "Элкарт" банктык карталары, QR-код жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу төлөөгө болот.

Ошондой эле "Тулпар" картасын колдонгондор үчүн 1 сааттын аралыгында экинчи автобуска акысыз которулуу мүмкүнчүлүгү каралган. Бул жеңилдик 1 сааттын ичинде эң көп дегенде төрт муниципалдык автобуска чейин жарактуу.