Франция курамасы Швецияны 3:0 эсебинде ишенимдүү жеңип, 1/8 финалга чыкты
Новость

1-июлга караган түнү 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында Франция курама командасы менен Швеция курама командасы беттешти. Оюн 3:0 эсебинде франциялыктардын жеңиши менен аяктады.

Беттеште Франция курамасынын футболчулары топко көбүрөөк ээлик кылышты. Оюндун 45 жана 74-мүнөттөрүндө Килиан Мбаппе дубль жасады. Дагы бир голду 53-мүнөттө Баркола Брадли киргизди.

Бул жеңиштен кийин Франция дүйнө чемпионатынын 1/8 финалына чыгып, чейрек финалга жолдомо үчүн Парагвай менен беттешет.

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.