1-июлда 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында Мексика курама командасы менен Эквадор курама командасы кез келишти. Мексикалыктар 2:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга жолдомо алышты.
Мехико шаарындагы стадиондо өткөн беттеш туруксуз аба ырайына байланыштуу бир саат кеч башталды. Мексиканын оюнчулары беттеш башталганда эле кооптуу чабуулдарды жасашты.
Оюндун 22-мүнөтүндө Хулиан Киньонес эсепти ачты. 31-мүнөттө Рауль Хименес экинчи голду киргизди.
Беттештин 90+5 мүнөтүндө Эквадордун коргоочусу Пьеро Инкапье кызыл айып кагазын алып, оюндан четтеди.
Мексика 5-июлда 1/8 финалдык беттеште Англия менен Конго ДР ортосундагы оюнда жеңген команда менен күч сынашат.
Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.