Дүйнө чемпионаты-2026: АКШ менен Босния жана Герцеговина курамасы беттешет
Новость

2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын 1/16 финалында АКШ менен Босния жана Герцеговина кез келет. Беттеш 2-июлда саат 06:00дө болот.

Бул эки команданын тарыхындагы алгачкы расмий мелдештеги жолугушуусу болуп саналат.

Босния жана Герцеговина плей-оффко өтө оор жол менен келди.

АКШ курамасы өз үйүндө, миңдеген күйөрмандарынын алдында ойноп жаткандыктан бул беттештин башкы фаворити болуп саналат.

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.