2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында Англия курама командасы Конго Демократиялык Республикасынын курама командасы менен кез келишти. Анда англиялыктар 2:1 эсебинде жеңип алышты.
Оюндун 7-мүнөтүндө конголук Брайан Сипенга эсепти ачты.
Англия курамасы 75-мүнөткө чейин утулуп жаткан. Андан соң Гарри Кейн алгач эсепти теңдеп, 86-мүнөттө дубль жасады.
Фаворитке татыктуу каршылык көрсөткөн конголуктар Дүйнө чемпионатындагы алгачкы плей-офф оюнунда жеңилип, мелдеш менен кош айтышты. Бул жеңиштен кийин Англия 1/8 финалда Мексика менен күч сынашат.
Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.
