2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында Бельгия менен Сенегал курама командалары кез келишти. Беттеш 3:2 эсебинде бельгиялыктардын жеңиши менен жыйынтыкталды.
Беттештин жүрүшүндө Сенегал Хабиб Диарра (24-мүнөттө) менен Исмаила Саррдын (51-мүнөттө) голдорунун аркасында 2:0 эсебинде алдыга чыккан.
86-мүнөттө англиялык Ромелу Лукаку, 89-мүнөттө Юри Тилеманс эсепти теңдешти.
Кошумча берилген 120+5 мүнөттө Тилеманс пенальтиден гол киргизип, Бельгияга жеңиш алып келди. Бул Дүйнө чемпионаттарынын тарыхындагы эң кеч киргизилген голдордун бири болду.
Бельгия 6-июлда АКШ курамасы менен беттешет.
Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.