АКШ курамасы Босния жана Герцеговинаны 2:0 эсебинде утту
Новость

2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында АКШ курама командасы Босния жана Герцеговина курама командасы менен беттешти. АКШ 2:0 эсебинде жеңип, 1/8 финалга жолдомо алды.

Оюндун 45-мүнөтүндө Фоларин Балогун эсепти ачты. Бирок ал 64-мүнөттө кызыл айып кагазын алып, АКШ оюнду 10 футболчу менен улантууга аргасыз болду. 82-мүнөттө Малик Тиллман айып соккусунан экинчи голду киргизди. 

Бул жеңиштен кийин АКШ 1/8 финалда Бельгия менен кез келишет. 

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.