Испания Австрияны 3:0 эсебинде утуп алды
Новость

2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында Испаниянын курама командасы Австрияны 3:0 эсебинде жеңип, турнирдин 1/8 финалына жолдомо алды. 

Беттеште испаниялыктар топко көбүрөөк ээлик кылды. Оюндун 36 жана 89-мүнөттөрүндө Микель Оярсабаль,  66-мүнөттө Педро Порро гол киргизишти. Австриялык футболчулар каршылашынын коргонуусунан өтө албай, олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү жарата алышкан жок. 

Испания 1/8 финалда Португалия менен беттешет.

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.