Португалия - 2:1 - Хорватия: Курч беттеште португалиялыктар жеңишке жетишти
Новость

2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында Португалия Хорватияны 2:1 эсебинде жеңип алды.

Беттеш тең таймашта өтүп, эки команда тең чабуулга басым жасады. Бирок мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланган Португалия жеңишти камсыздай алды. 

Оюндун 53-мүнөтүндө хорватиялык Иван Перишич эсепти ачты. 68-мүнөттө Криштиану Роналду пенальтиден гол киргизип, эсеп 1:1 болду. 90+4 мүнөттө Гонсалу Рамуш экинчи голду киргизди. 

1/8 финалда Португалия Испания менен күч сынашат.

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.