Дүйнө чемпионаты-2026 турниринин 1/16 финалында Египет курамасы Австралияны пенальти сериясында гана утуп, тарыхый жеңишке жетишти жана 1/8 финалга жолдомо алды.
Оюндун 13-мүнөтүндө эле египеттик жарым коргоочу Имам Ашур эсеп ачты.
55-мүнөттө Эйден О’Ниллдин айып соккусунан кийин Египеттин коргоочусу Мохамед Хани өз дарбазасына гол киргизип алды.
Пенальти сериясында Австралия 2, Египет 4 гол киргизишти.
Египет курамасы 1/8 финалда Аргентина менен кездешет.
Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.