Франция Парагвайды 1:0 эсебинде утуп алды
Новость

Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Парагвай менен Франция курамалары беттешти. Оюн 1:0 эсебинде француздардын жеңиши менен аяктады.

Парагвай курама командасы оюндун алгачкы мүнөттөрүнөн баштап эле коргонууга басым жасады.

Франция топко көбүрөөк ээлик кылганы менен атаандашынын коргонуусун бузуп өтө алган жок. 

Беттештин 67-мүнөтүндө Дезире Дуэге каршы айып аянтчасында жасалган оройлуктан кийин башкы калыс Ильгиз Танташев (өзбекстандык калыс) Парагвайдын дарбазасына пенальти белгиледи.

70-мүнөттө Килиан Мбаппе 11 метрлик айып соккусун так аткарып, гол киргизди.

Беттеш кооз оюну менен эмес, талаш-тартыш, майда кагылышуулар жана калыстын иши менен талкуу чордонунда калды. Парагвайлык футболчулар беттештин аягына чейин бир дагы сары айып кагазын алышкан жок. Ал эми Франциянын оюнчуларына (Барколя, Коне, Олисе) сары айып кагазы көрсөтүлдү.

Франция 1/4 финалда Марокко менен кез келет.

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.