Футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын плей-офф баскычында Англия Мексиканы 3:2 эсебинде жеңип, чейрек финалга жолдомо алды. Беттеш курч мүнөздө өттү. Мексикалыктар топко көбүрөөк ээлик кылышты. Англиялык Жаррелл Куанса 54-мүнөттө кызыл айып кагазын алды. Командасы бир оюнчуга кем ойногонуна карабай жеңишти сактап калышты.
Эми англиялыктар кийинки баскычта Норвегия менен беттешет.
Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.