Испания - 1:0 - Португалия. Дүйнө чемпионатындагы бүйүр кызыткан беттештердин бири Испания курама командасынын минималдуу эсептеги жеңиши менен аяктады. Оюнда испаниялыктар топко көбүрөөк ээлик кылышты. Жалгыз голду 90+1 кошумча берилген мүнөттө Мерино киргизди.
Португалия курамасынын көрүнүктүү оюнчусу Криштиану Роналду бул анын карьерасындагы акыркы Мундиаль экенин айткан эле. Жеңилүү ызасын тарткан футбол легендасы башкы трофейге жетпей калып, көз жашын тыя алган жок. Оюн соңунда испаниялык Ламин Ямалдын Криштиану Роналдуга келип кучактаган сүрөтү талкуу жаратууда. Аны футбол сүйүүчүлөрү муун алмашуу сүрөтү деп баалашууда. Анткени бул Дүйнө чемпионаты Ламин Ямаль үчүн алгачкы Мундиаль болду.
Беттештердин баары УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.