Бельгия АКШны 4:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына жолдомо алды
Новость

7-июлда Бельгия АКШны 4:1 эсебинде жеңип, Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына жолдомо алды. Оюндун 9-мүнөтүндө эле бельгиялык Шарль де Кетеларе эсепти ачты. 

31-мүнөттө АКШ курамасыны оюнчусу Малик Тиллман гол киргизип, эсеп 1:1 болду.

Бирок биринчи тайм аяктай электе 33-мүнөттө Де Кетеларе дагы бир гол киргизип дубль жасады. 

Экинчи таймда 57-мүнөттө Ханс Ванакен америкалыктардын дарбазачысынын катасынан пайдаланып үчүнчү голду жаратса, кошумча убакытта Ромелу Лукаку жыйынтыктоочу төртүнчү топту киргизди. 

Бул жеңиштен кийин Бельгия Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыгып, эми Испания менен күч сынашат. 

Беттештердин баары УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлүп жатат.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.