Аргентина 3:2 эсебинде Египетти жеңип, чейрек финалга чыкты
Новость

2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Аргентина менен Египет беттешти. Оюнда Аргентина 3:2 эсебинде жеңишке жетишти.

Беттештин 15-мүнөтүндө Яссер Ибрахим эсепти ачса, 67-мүнөттө Мустафа Зико Египеттин эсебине 2-голду киргизди. 79-мүнөттө аргентиналык Кристиан Ромеро команданын пайдасына алгачкы голду киргизди, 83-мүнөттө Лионель Месси эсепти теңдеди.

Оюндун негизги убактысына кошулган мүнөттөрдө Энцо Фернандес жеңиш голун киргизип, Аргентинага 3:2 эсебиндеги жеңишти алып келди.

Аргентина чейрек финалда Швейцария менен күч сынашат.

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.