Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалында Швейцариянын курама командасы Колумбияны пенальтилер сериясында жеңип, чейрек финалга жолдомо алды.
Беттештин негизги жана кошумча убактысында командалардын бири да гол киргизе алган жок. Эки тарап тең кооптуу чабуулдарды уюштурганы менен эсеп ачылган жок.
Жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды. Анда швейцариялыктар 4 гол киргизишсе, колумбиялыктар 3 гол киргизишти.
Бул жеңиштен кийин Швейцария дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Аргентина менен күч сынашат.
Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.