Кесиптик лицейлерге кабыл алуу 14-сентябрга чейин жүргүзүлөт
Новость

2026–2027-окуу жылына мамлекеттик кесиптик лицейлерге кабыл алуу 13-июлда башталат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Документтерди кабыл алуу 14-сентябрга чейин https://2020.edu.gov.kg/ электрондук платформасы аркылуу жүргүзүлөт.

Кесиптик лицейлер 9 жана 11-класстын бүтүрүүчүлөрүн эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесипке ээ болууга, практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана ийгиликтүү эмгек жолун баштоого чакырат. Окутуу мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана эмгек рыногунун талаптарына ылайык жүргүзүлөт.

Абитуриенттер курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, айыл чарба, транспорт, коомдук тамактануу, туризм, тейлөө, жеңил өнөр жай, машина куруу жана башка тармактар боюнча кесиптерди жана адистиктерди тандай алышат.