2026-жылдагы футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын 1/4 финалында Франция менен Марокко кездешет. Оюн 10-июлга караган түнү саат 02:00дө болот.
Бул эки команда акыркы жолу 2022-жылы Катардагы дүйнө биринчилигинин жарым финалында ойноп, анда француздар 2:0 эсебинде жеңишке жетишкен.
Аналитиктер жана футбол эксперттери Франция курама командасын айкын фаворит катары көрүшүүдө.
Бул беттешти УТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.