Франция Мароккону 2:0 эсебинде жеңип алды
Новость

Футбол боюнча 2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Франциянын курама командасы Мароккону 2:0 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Беттештин биринчи бөлүгүндө эки команда тең кооптуу чабуулдарды уюштурганы менен эсеп ачылган жок. Экинчи таймда француздар демилгени толук өз колуна алып, оюндагы артыкчылыгын голдорго айландырды.

60-мүнөттө Килиан Мбаппе эсепти ачса, 66-мүнөттө Усман Дембеле экинчи голду киргизди. Марокко бир нече мүмкүнчүлүк жаратканына карабастан,гол киргизе алган жок.

Жыйынтыгында Франция 2:0 эсебинде жеңишке жетип, Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыккан алгачкы команда болду. Эми француздар жарым финалда Испания менен Бельгиянын беттешинин жеңүүчүсү менен кез келет.

Беттеш УТРК Спорт каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.