Дүйнө чемпионатынын 1/4 финалында Испания курама командасы Бельгияны 2:1 эсебинде утуп, жарым финалга жолдомо алды. Оюн абдан курч мүнөздө өттү.
Испаниялыктар алгачкы мүнөттөрдөн баштап эле топко ээлик кылып, чабуулдарды уюштуруп жатышты.
Оюндун 30-мүнөтүндө испаниялык Фабиан Руис эсепти ачты. 41-мүнөттө бельгиялык Шарль де Кетеларе гол киргизип, эсепти теңдеди. 88-мүнөттө испаниялык Микель Мерино гол киргизип, командасына жеңиш алып келди.
Жарым финалда Испания Франция курамасы менен кез келет.
Бул беттешти УТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.