Англия 2:1 эсебинде Норвегияны жеңип, жарым финалга чыкты
Новость

Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында 12-июлда Англия курамасы Норвегияны 2:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.

Беттеш алгачкы мүнөттөрдөн тарта курч мүнөздө өттү.

Оюндун 36-мүнөтүндө норвегиялык Андреас Шельдеруп эсепти ачты.

Англиялык Жуд Беллингем 45+2 жана 93-мүнөттөрдө дубль жасап командасына жеңиш алып келди.

Жарым финалда Англия Аргентина менен күч сынашат.

Бул беттешти УТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.