Дүйнө чемпионатынын чейрек финалында 12-июлда Аргентина курамасы Швейцарияны 3:1 эсебинде утуп, жарым финалга чыкты.
Аргентина курамасы беттеште топко көбүрөөк ээлик кылды.
Оюндун 10-мүнөтүндө аргентиналык Алексис Макаллистер эсепти ачты.
67-мүнөттө швейцариялык Дан Ндойе гол киргизип, эсепти теңдеди.
Негизги убакыт бүтүп, кошумча берилген мүнөттө Хулиан Альварес (112) жана Лаутаро Мартинес (120+1) гол киргизип, Аргентинага жеңиш алып келишти.
Жарым финалда Аргентина Англия менен күч сынашат.
Бул беттешти УТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.