Дүйнө Чемпионаты-2026: Жарым финалдын бардык жуптары аныкталды
Новость

Футбол боюнча Дүйнө Чемпионатынын жарым финалында күч сынаша турган бардык жуптар аныкталды.

ФИФАнын расмий рейтинги боюнча дүйнөнүн эң күчтүү төрт курама командасы тең тарыхта биринчи жолу Дүйнө чемпиондугунун жарым финалына толук курамда чыгышты. 

15-16-июлда күйөрмандарды Франция, Испания, Англия жана Аргентина курамаларынын ортосундагы классикалык тирешүүлөр күтөт.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча (KGT) төмөнкү тартипте өтөт:

15-июль, саат 01:00

Франция - Испания

16-июль, саат 01:00

Англия - Аргентина

Беттештерди УТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтөт.

Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.