15-июлда Дүйнө чемпиондугунун жарым финалдык оюндары орун алды.
Анда Испания курама командасы Францияны 2:0 эсебинде жеңип, финалга жолдомо алды.
Беттештин башында эки тарап тең кооптуу чабуулдарды жасап жатышты.
22-мүнөттө испандыктардын жаш жылдызы Ламин Ямаль айып аянтчасына кирип бара жатканда, Франциянын коргоочусу Лукас Динь аны эреже бузуу менен токтотту. Калыс пенальти белгилеп, Микель Оярсабаль гол киргизди. Футбол күйөрмандары арасында бул пенальти негизсиз берилген деп талаш-тартыш жаратышууда. Ага карабастан бул гол испан футболчуларынын пайдасына эсепти ачты.
Беттештин экинчи бөлүгүндө Франция чабуулдарын күчөткөнү менен, 58-мүнөттө испаниялык Педро Порро гол киргизүүгө жетишти.
Бул жеңиштен кийин Испания курама командасы 2010-жылдан бери алгачкы жолу Дүйнө чемпиондугунун финалына жолдомо алды.
Алар финалда Англия - Аргентина жубунун жеңүүчүсү менен күч сынашат.
Ал эми Франция курама командасы турнирди токтотпойт, 3-орун үчүн оюн өткөрүшөт.
Беттешти УТРК Спорт каналы түз эфирде көрсөтөт.
Кызматташуу жана жарнамалык сунуштар боюнча 0 554 455 444 телефону же ktrkadver@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылсаңыздар болот.