Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында, Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунун аймагында көчмөн цивилизациясынын тарыхына, маданиятына жана философиясына арналган монументалдык скульптуралардын уникалдуу коллекциясы түзүлдү. Бул эмгектер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата атайын жасалып, эми Борбордун көркөм мейкиндигинин бир бөлүгү катары анын аймагында калат.
Алгач Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасын даярдоонун алкагында сынак уюштурулган. Ага 75тен ашуун эмгек келип түшүп, атайын комиссия алардын ичинен ташка түшүрүү үчүн 16 долбоорду тандап алган.
Тандоодон өткөндөн кийин скульпторлор Өрнөккө келип, Оюндар башталганга чейин бир ай бою өз композицияларынын үстүндө түздөн-түз иштешкен. Чыгармаларды жаратуу үчүн өзгөн травертин ташы тандалып, ал масштабдуу монументалдык формаларды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген.
Бүгүнкү күндө бул 16 эмгек Көчмөндөр цивилизациясы борборунун аймагына орнотулду. Алардын тематикасы көчмөн дүйнөнүн тарыхы, салт-санаасы жана руханий баалуулуктары менен байланыштуу. Алардын арасында «Өзөк», «Көчмөндөрдүн кайтып келиши», «Салт», «Көчмөн руху», «Жаргылчак», «Музыка», «Эркиндик», «Саяпкер», «Шаман», «Тогуз кыргоол», «Мейкиндик» жана башка композициялар бар.
Скульптор Бакыт Иманбаев кыргыз аялдарынын салттуу турмушунда колдонулган буюмга арналган «Жаргылчак» аттуу декоративдик композициясын тартуулады. Жаргылчак данды иштетүүдө, ун жана талкан даярдоодо колдонулуп, көчмөндөрдүн күнүмдүк турмушунун ажырагыс бөлүгү болгон.
Кызыктуусу, скульптор бул композициянын алгачкы эскизин Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт академиясында окуп жүргөндө, экинчи курсунда жараткан. Кийинчерээк эмгектин биринчи варианты чет өлкөлүк туристке сатылган. Симпозиумга катышууга мүмкүнчүлүк түзүлгөндө, сүрөтчү кайрадан ушул образга кайрылган. Анткени ал көчмөн цивилизациясынын темасына шайкеш келген.
Симпозиумдун борбордук эмгектеринин бири - көчмөн маданиятынын негиздерине жана башаттарына арналган «Өзөк» композициясы. Авторлор анда салттуу оймо-чиймелерди заманбап образдар менен айкалыштырып, көчмөндөрдүн маданияты бүгүнкү күндө да өнүгүп келе жатканын чагылдырган.
Уюштуруучулар жана скульпторлор үчүн эмгектердин убактылуу экспозиция болуп калбастан, Көчмөндөр цивилизациясы борборунун аймагында туруктуу сакталып калары өзгөчө маанилүү.
«Бүгүн биз балбал таштарды карап, алардын кайсы мезгилге, кайсы доорго таандык экенин аныктайбыз. Анын сыңарындай, биздин композициялар да жылдар өткөн соң VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу - 2026-жылы бул жерде ушундай оюндар өткөнү жана биз кандай идеяларды жеткирүүнү каалаганыбыз тууралуу баяндап берет», - деп белгиледи скульптор.
Ошентип, Борбордун аймагы бара-бара тарых менен көчмөн цивилизациясынын салттары айкалышкан өзгөчө ачык асман алдындагы музейге айланууда.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жаралган он алты таш эмгек бул жерде узак жылдар бою сакталып калат. Алар Кыргызстан 2026-жылы кабыл алып жаткан маанилүү окуянын эстелиги болуп гана тим болбостон, заманбап сүрөтчүлөрдүн көчмөн дүйнөнүн мурасын кандайча көрүп, кандайча чечмелеп жатканын да чагылдырып турат.


