Саламаттыкты сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдой турганын билдирди
Новость

 Саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Президент Садыр Жапаровдун энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу демилгесин колдой турганын билдирди. Ал бул чечимди улуттун саламаттыгын жана келечек муунун коргоого багытталган маанилүү кадам катары баалап, социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады. 

"Ууланган эмес- уюткулуу улутубуз керек!

Урматтуу мекендештер!

Президентибиз Садыр Жапаров өлкө келечеги жана улуттун генофонду үчүн тарыхый жана чечкиндүү кадамга барды. Энергетикалык суусундуктарга толук тыюу салуу демилгеси - бул жөн гана экономикалык чечим эмес, бул кыргыз улутун сактап калуу жана коргоо миссиясы!

Саламаттыкты сактоо министри катары бул чечимди толугу менен колдойм. Биз күн сайын ооруканаларда бул «уунун» кесепетин өз көзүбүз менен көрүп жатабыз. Бир жылда 54 миллион литрден ашык химиялык суусундук ичилип жатканы - бул үрөйдү учурган трагедия! 

Бул жүз миллиондогон банкалар жаштарыбыздын жүрөгүн токтотуп, бөйрөгүн иштен чыгарып, кант диабетине кабылдырууда.

Ооба, Президент белгилегендей мамлекеттик бюджет 1,5 миллиард сом салыктан кол жууйт экенбиз. Бирок, эч бир салык, эч кандай акча биздин балдарыбыздын өмүрүнөн кымбат эмес! Ден соолугунан ажыраган муун - бул өлкөнүн шору. Бизге ууланган эмес, табигый күч-кубатка ээ, акыл-эси сергек, темир билек муун керек!

Биз оорунун кесепети менен күрөшүүдөн чарчадык, эми анын тамырын кырка турган убакыт келди. Саламаттыкты сактоо министрлиги Президенттин тапшырмасын аткарууга жана 6 ай ичинде бул ууну өлкөдөн биротоло тазалоочу мыйзамдык чараларды иштеп чыгууга толугу менен даяр!...

Ата-энелер, жаштар, мекендештер! Баарыңыздарды бул чечимди колдоого чакырам. Балдарыбыздын келечегин, жаңы Кыргызстандын дени сак муунун бирге сактап калалы.

Жаңы муун - сергек муун", - деп жазылат билдирүүдө.