Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын эмгек сиңирген кызматкери, «Даңк» медалынын ээси Батаканова Бурулуш Топчиевна 67 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал 1959-жылы 1-мартта Нарын шаарында төрөлгөн.
Батаканова Бурулуш Топчиевна 1981-жылы Ташкент электротехникалык байланыш институтун аяктагандан кийин эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Республикалык радиотелеборборунда инженер болуп баштаган. Кырк жылдан ашуун өмүрүн Кыргызстандын телерадио тармагына арнап, инженерден тартып башкы инженерликке чейинки жооптуу кызматтарды аркалап, бай тажрыйбасы, кесипкөйлүгү жана уюштуруучулук жөндөмү менен айырмаланган. Ал телевидение цехинин инженери, улук инженери, I категориядагы инженери, нөөмөт башчысы, телевидение цехинин башчысы, Республикалык радиотелеборбордун башкы директорунун орун басары, радиоберүү комплекси жана цехинин башчысы, телевидение комплексинин башчысы, башкы инженер кызматтарында эмгектенген. 2022-жылдын 1-ноябрынан тартып радиоберүү жана үн жаздыруу цехинин башчысы кызматында ишин уланткан.
Бурулуш Топчиевна өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүндө жогорку жоопкерчилиги, тактыгы, жөнөкөйлүгү, талапчылдыгы жана жетекчилик сапаттары менен кесиптештеринин терең урмат-сыйына ээ болгон. Ал кандай гана татаал өндүрүштүк милдет болбосун, аны өз убагында жана сапаттуу аткарууга жамаатты шыктандырып, жаш инженерлерди тарбиялоого, алардын кесиптик билимин жана тажрыйбасын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурган. 1995–1996-жылдары анын жетекчилиги астында Республикалык радиотелеборбордун инженерлери тарабынан Концерттик телестудиянын аппараттык-студиялык комплексиндеги жабдууларды орнотуу жана ишке киргизүү иштери өз күчтөрү менен алгачкылардан болуп аткарылган. 2009–2010-жылдары санариптик телеберүүгө өтүү алдындагы маанилүү иштердин алкагында анын жетекчилиги менен узундугу 4,5 чакырымды түзгөн була-оптикалык байланыш линиясынын долбоору иштелип чыгып, пайдаланууга берилген. Бул телерадио сигналдарын жогорку техникалык сапатта жеткирүүгө жана санариптик, жогорку дааналыктагы телеберүүгө өтүүгө жасалган маанилүү кадамдардын бири болгон. Ошондой эле анын түздөн-түз катышуусу жана жетекчилиги менен 2007-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз радиосунун «Миң-Кыял FM» үчүнчү каналы Бишкек шаарында, Баткенде жана Кербенде уктурууларын баштаган. 2012–2013-жылдары каналдын берүүсү республиканын бардык аймагын камтыган. 2010–2011-жылдары «Ала-Тоо» маалымат студиясынын аппараттык бөлмөсүн модернизациялоо, «Кабарлар» радиостудиясынын, Чоң концерттик студиянын, Чакан камералык студиянын жана адабий-драмалык берүүлөр студиясынын техникалык жабдууларын жаңылоо иштерине активдүү катышкан.
Бурулуш Топчиевна өлкө үчүн маанилүү болгон ири коомдук-саясий жана маданий иш-чаралардын түз эфирде сапаттуу чагылдырылышын техникалык жактан камсыздоодо да чоң эмгек сиңирген. Анын жетекчилиги жана түздөн-түз катышуусу менен «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы, Ош шаарынын 3000 жылдыгы, Курманбек баатырдын 500 жылдыгы, Кыргыз Республикасынын Президенттеринин инаугурациялары, Камбар-Ата ГЭСинин ачылышы, Шанхай кызматташтык уюмунун саммиттери, шайлоолор, референдумдар жана 2014, 2016, 2018-жылдардагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку техникалык деңгээлде чагылдырылган. Улуттук маданий мурасты сактоо, телерадио тармагындагы баа жеткис архивдик материалдарды келечек муундарга жеткирүү багытында да Бурулуш Топчиевна өзгөчө эмгек сиңирген. Анын түздөн-түз катышуусу менен УТРКнын Алтын фондундагы жана Кыргыз телевидениеси менен радиосунун архивдик аудио-видеоматериалдарын санариптештирүү иштери жүргүзүлүп келген.
Ал кесиптик билимин тынымсыз өркүндөтүп, 2002-жылы өндүрүштөн ажырабастан Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин «Менеджмент» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана телерадио тармагын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы мамлекет тарабынан жогору бааланган. 1998-жылы Кыргыз телевидениесинин 40 жылдыгына карата «Жылдын мыкты инженери» дипломун, 2000-жылы «Кесиби боюнча мыкты» ардактуу наамын, 2003-жылы «Жылдын мыкты кызматкери» наамын алган. 2008 жана 2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгиси менен сыйланган. 2010-жылдан тартып «КТРКнын мыктысы» төш белгисинин ээси болгон. Ошондой эле 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын байланыш тармагынын эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамына татыган. Ал эми 2018-жылы өлкөнүн телерадио тармагына жана коомдук ишмердүүлүккө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы менен сыйланган. Батаканова Бурулуш Топчиевна бүтүндөй өмүрүн улуттук телерадио тармагынын өнүгүшүнө арнап, техникалык жаңылануунун, өндүрүштүк сапаттын жана кесиптик жоопкерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн инсан эле. Анын бай тажрыйбасы, талыкпаган эмгеги, адамгерчилиги, кесиптештерине жасаган камкордугу жана жаш адистерге берген насааты УТРКнын тарыхында жана аны менен бирге иштеген адамдардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат. Кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө өмүрүн арнаган мындай инсандардын эмгеги эч качан унутулбайт.
Маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, туугандарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Жаркынын элеси жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын эмгек жамааты.