Жеңишбек Асылбек Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Жеңишбек Асылбек мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды.