Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун адистери борбор калаадагы Э. Х. Акрамов атындагы Чүй облустук бириккен ооруканасынын эски имараттарына инженердик-техникалык текшерүү жүргүздү.
Текшерүү Саратов көчөсү 10 дарегинде жайгашкан облустук оорукананын аймагындагы 1950–1957-жылдары курулган дарыкана, чарбалык буюмдар сакталуучу кампалар жана азык-түлүк сактоочу имараттарды бузуу иштерине байланыштуу жүргүзүлдү.
Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, тиешелүү өлчөөлөрдү алып, имараттардын конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жүргүздү.
Жыйынтыгында институт тарабынан имараттардын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу же бузуу маселеси боюнча тиешелүү сунуштар берилет.