17-18-октябрда өлкөнүн айрым жерлеринде аба ырайы кескин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт
Новость

17-18-октябрда түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын айрым аймактарында абанын температурасы кескин төмөндөп, үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Бишкек шаарында абанын температурасы күндүз +22 градус, түнкүсүн +6 болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында да күндүз +22, түнкүсүн +6 градуска чейин түшүп, айрым жерлерде жамгыр жаашы мүмкүн.

Чүй жана Талас облусунун өрөөндөрүндө күндүз +19 градус, түнкүсүн +8 градус, Ысык-Көлдө күндүз +19, түнкүсүн +5 градус болору болжолдонууда.

Нарын облусунда, Чүй облусунун түндүк бөлүгүндө, Таластын Кара-Буура жана Ысык-Көлдүн Түп райондорунда күндүз +16, түнкүсүн -2 градуска чейин төмөндөйт.

Мындай аба ырайы мөмө-жемиштерге, жашылча өсүмдүктөрүнө коркунуч жаратат. Дыйкандарга түшүмүн үшүктөн сактоо үчүн алдын ала чара көрүү сунушталат.