Жалал-Абаддагы Катар-Жаңгак айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулду
Новость

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Катар-Жаңгак айылында заманбап үлгүдөгү 225 орундуу жаңы мектеп курулду. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштери Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды. Объекттин жалпы наркы 149 миллион сомду түзөт.

Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп эки блоктон турган эки кабаттуу имараттан турат. Жалпы аянты 1 650 чарчы метрди түзгөн мектеп окуучулардын сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл болгон шарттар менен камсыздалды.

Имаратта негизги предметтик окуу класстары, лаборатория, китепкана, ашкана, компьютердик класс, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залы каралган.

Мектептин курулушу 2025-жылдын январь айында башталган. Учурда курулуш иштери толук аяктап, объект пайдаланууга берүүгө даярдалууда.