Айдоочуларга шашылыш эскертүү: Ашууларга кар жаап жатат
Новость

Өлкөнүн бир катар тоолуу ашууларына кар түшүп, жолдор тайгак болууда. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларга этият болууну эскертти.

Маалыматка караганда учурда Өтмөк, Төө-Ашуу жана Талдык ашууларында кар жаап жатат. Жол тейлөө кызматкерлери автожолдорду кардан тазалап, тайгакка каршы кум-туз аралашмасын себүүдө. Аталган ашууларда жолдор ачык, унаалардын каттамы үзгүлтүксүз камсыздалууда.

Айдоочуларга ылдамдыкты азайтып, коопсуз аралыкты сактоо жана унаанын техникалык абалын алдын ала текшерүү сунушталат. Министрлик унаалар үчүн кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуу зарылдыгын белгиледи.