УТРКда ЕККУнун ДИҮОБ миссиясы менен жолугушуу өттү
Новость

 6-ноябрда Улуттук телерадиорадиоберүү корпорациясынын Башкыдиректору Улан Сатиев ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (БДИПЧ ОБСЕ) Керектөөлөрдү баалоо миссиясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга ЕККУнун ДИҮОБтун шайлоо маселелери боюнча кеңешчилери Ранко Вукчевич менен Каха Инаишвили, ошондой эле УТРК тараптан Улуттук биринчи каналдын продюсери Бактияр Тукеев, «Маалымат» студиясынын продюсери Бакытбек Сакыбаев жана Эл аралык байланыштар жана коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн башчысы Таласбек Алыбаев катышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар 2027-жылдын 27-январына белгиленген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата даярдыктарды, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүн жана медиа мейкиндиктеги чагылдыруу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө басым шайлоо жараянын ачык, калыс жана объективдүү чагылдыруу, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо боюнча пикир алышууларга жасалды.

Миссия өкүлдөрү өз кезегинде шайлоо өнөктүгү учурунда коомчулукка так жана калыс маалымат жеткирүүдө улуттук телеканалдын ролу жогору экендигин белгилешти. Жолугушуу соңунда тараптар кызматташтыкты андан ары да натыйжалуу улантууну макулдашышты.