Адылбек Касымалиев 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун жана 2028-2029-жылдарга болжолду тааныштырды
Новость

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча кеңейтилген комитетинин жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун жана 2028-2029-жылдарга болжолду тааныштырды.

МинКаб башчысы 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешелери 693,8 млрд сомго жетип, пландык көрсөткүчтөн 27,9 млрд сомго ашканын, чыгашалар 589,5 млрд сомду түзгөнүн белгиледи. Анын айтымында, бюджеттик мүмкүнчүлүктөр кеңейген сайын социалдык милдеттенмелерди аткарууга өзгөчө көңүл бурулууда. 2026-жылы эмгек акы 1-апрелден жана 1-сентябрдан жогорулатылган. Эгерде 2025-жылы эмгек акы төлөөгө 140,3 млрд сом багытталса, 2026-жылы бул көрсөткүч 203,5 млрд сомго жетет.

Келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштырып жатып, Адылбек Касымалиев 2027-жылы ИДПнын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашык деңгээлде болжолдонуп жатканын маалымдады. Консолидацияланган бюджеттин ресурстарынын жалпы көлөмү 1 трлн 53 млрд сом өлчөмүндө пландалууда.

«Башкы артыкчылык – мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин сөзсүз аткаруу менен узак мөөнөттүү экономикалык өсүштү камсыз кылуу бойдон калууда. Социалдык чөйрөлөргө олуттуу каражаттар багытталат: билим берүүгө – 134,2 млрд сом, саламаттык сактоого – 76,4 млрд сом, социалдык коргоого – 47,3 млрд сом. Билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүнө каралган каражаттар биринчи кезекте көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталат. Республикалык бюджет боюнча капиталдык чыгашалардын көлөмү 110,7 млрд сомду түзөт (мамлекеттик бюджет боюнча – 137,2 млрд сом). Анын ичинен 80,7 млрд сомдон ашыгы ички булактардын эсебинен каржыланат (мамлекеттик бюджет боюнча – 107,3 млрд сом). Анын ичинде Барскоон – Бедел автомобиль жолун курууга 17,7 млрд сом каралган. Социалдык объектилерге, калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууга, ирригацияга жана инфраструктуралык иштерге 10 млрд сом каралган», – деди ал.

Өз сөзүндө МинКаб башчысы масштабдуу инвестициялык долбоорлор өлкөнүн транспорттук байланышын кеңейтүүгө, энергетикалык коопсуздукту чыңдоого жана аймактарда жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталганын белгиледи. Ишкердикти жана айыл чарбасын колдоого субсидия түрүндө 5,3 млрд сом каралган. Жергиликтүү бюджеттерге трансферт түрүндө 19,4 млрд сом жана үлүштүк грант түрүндө 1,8 млрд сом бөлүнөт.

Бааларды турукташтырууга 5 млрд сом, Турукташтыруу фондуна 20 млрд сом каралган.