Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 24-ноябрга чейин өлкөнүн айрым аймактарында күн кыйла жылып, абанын температурасы +21 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкек шаарында жана Чүй облусунда түнкүсүн абанын температурасы +2 градус болсо, күндүз +20 градуска чейин жогорулайт. Талас облусунда түнкүсүн -3 градус болуп, күндүз +19 градуска чейин жетет.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында да күн жылуу болот. Абанын температурасы күндүз +21 градуска чейин көтөрүлүп, түнкүсүн +1 градустун тегерегинде болот.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5 градус суук болсо, күндүз +13 градуска чейин жылыйт.
Башка аймактарга салыштырмалуу Нарын облусунда салкын аба ырайы сакталат. Түнкүсүн -7 градус суук болуп, күндүз абанын температурасы +12 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми тоолуу аймактарда жана ашууларда кар жаашы ыктымал.