Улан Майлибашев Чүй облусунун Кант шаарынын мэри кызматынан бошотулду
Новость

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесине ылайык Кыргыз

Республикасынын Чүй облусунун Кант шаарынын мэри Майлибашев Улан Бекболотович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.