Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-ноябрда, Бишкек шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Брайан Уильямсты кабыл алды.
Мамлекет башчысы Брайан Уильямсты БУУнун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандын БУУ менен кызматташтыгынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуудагы, ошондой эле туруктуу өнүгүүнү илгерилетүүдөгү өзгөчө маанисине токтолду.
Садыр Жапаров Туруктуу координатордун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышына байланыштуу эл аралык ишмердүүлүгүндөгү маанилүү мезгилге туш келгенин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы Брайан Уильямстын бай кесиптик тажрыйбасы Кыргызстандын БУУ менен кызматташтыгын сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө Президент БУУ менен өз ара аракеттенүүнүн үч артыкчылыктуу багытына токтолду.
Биринчи артыкчылыктуу багыт — тоолуу аймактар боюнча күн тартибин эл аралык деңгээлде илгерилетүү. Мамлекет башчысы 2023–2027-жылдарга карата тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында 2027-жылдын октябрь айында Кыргызстанда “Бишкек+25” экинчи глобалдык тоо саммити өтөрүн маалымдады.
Экинчи маанилүү маселе — Ысык-Көлдү сактоо боюнча атайын эл аралык трасттык фонд түзүү демилгеси болду. Көлдүн Кыргызстан үчүн гана эмес, дүйнөлүк жаратылыш жана экологиялык мурастын маанилүү бөлүгү катары да зор мааниге ээ экенин белгилеп, Мамлекет башчысы фондду түзүүгө мамлекеттик бюджеттен 10 млн АКШ долларын бөлүү чечимин ырастады.
Үчүнчү маселе — 2023–2027-жылдарга карата азыркы программанын мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасы менен БУУнун 2028–2032-жылдарга карата кызматташтыгынын жаңы Алкактык программасын даярдоо маселеси болду. Садыр Жапаров жаңы документте Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары жана узак мөөнөттүү өнүгүү максаттары толук эске алынышы керектигин баса белгиледи.
Өз кезегинде Брайан Уильямс Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, Уюмдун ишмердүүлүгүнүн алкагында тоолуу аймактар боюнча күн тартибин илгерилетүү артыкчылыктуу багыт экенин ырастады.
БУУнун Туруктуу координатору Ысык-Көлдүн бүткүл аймак үчүн экологиялык жактан маанилүү экенин айтып, атайын трасттык фонд түзүүгө мамлекеттик каражат бөлүү чечимине оң баа берди. Брайан Уильямс бул демилгени ишке ашыруу үчүн башка булактардан кошумча каржы ресурстарын тартууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Мындан тышкары, БУУнун Туруктуу координатору экономиканы өнүктүрүү, чакан жана орто ишкердикти колдоо, инклюзивдүүлүк принциптерин илгерилетүү максатында кызматташтыкты активдештирүү боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экенин ырастады. Брайан Уильямс ошондой эле Кыргызстандын аймактарында жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүк Уюмдун мандатына шайкеш келерин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары өлкөдө иш алып барган БУУнун бардык түзүмдөрү жана адистештирилген мекемелери менен тыгыз кызматташууга даяр экенин айтты.
Садыр Жапаров Брайан Уильямска жооптуу ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюму менен конструктивдүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыгы мындан ары да бекемделерине ишеним билдирди.



