Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Грузиянын Кыргызстандагы элчиси Леван Диасамидзе менен жолукту
Новость

Бүгүн, 27-ноябрда, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Грузиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Леван Диасамидзе менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
 
 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек жана Тбилиси шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.
 
 Калаа башчы Леван Диасамидзени элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, достук мамилелерди чыңдоого, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана муниципалитеттер аралык түз байланыштарды кеңейтүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
 
 Өз кезегинде Грузиянын элчиси жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек шаары менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгиледи.