Нарын шаарында жалпы наркы 77,5 миллион сомду түзгөн спорт комплекси курулууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Имараттын жалпы аянты 118 чарчы метрди түзүп, эки блоктон жана үч кабаттан турат.
Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.
Объекттин курулушу үстүбүздөгү жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө спорт комплекстин курулуш иштери 70 пайызга аткарылды.


