Бүгүн, 26-ноябрда МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев Түрк инвестициялык фондунун президенти Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды.
Адылбек Касымалиев Кубанычбек Өмүралиевди Түрк инвестициялык фондунун президенти болуп дайындалышы менен куттуктап, анын кесиптик тажрыйбасы Фонддун максаттарын ийгиликтүү ишке ашырууга салым кошоруна ишенерин билдирди.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Түрк инвестициялык фондуна мүчө мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо, инвестицияларды тартууда жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда фонд маанилүү ролду ойной турганын белгиледи.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Фонд менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, өлкө экономикасынын артыкчылыктуу тармактарына каржы ресурстарын тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн кошумчалады.
Өз кезегинде Кубанычбек Өмүралиев Фонддун келечектеги ишмердүүлүгү боюнча өз көз карашын айтып, инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган сунуштары менен бөлүштү.
Адылбек Касымалиев Түрк инвестициялык фондунун президенти Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды
26 Нояб, 12:47
52


