453
Муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо демилгесиӨлкөдө азык-түлүккө муктаж болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлөт. Бул багытта Министрлер Кабинетиниин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов менен БУУнун Кыргызстандагы азык-түлүк программасынын директору Кожиро Накай эки тараптуу келишимге кол койду.
701
Эми ипотекалык насыя алууда баштапкы төлөмү жокторго кепилдик бериле баштайт. "Кепилдик фонд" ААК, "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААК жана "РСК Банк" бул боюнча үч тараптуу келишимге кол коюшту.
552
Казак-кыргыз кылымдар бою эриш аркак жашаган бир тууган элдерден. Жыл өткөн сайын канатташ эки мамлекеттин ар тараптуу алакасы артып жатат. Быйыл Кыргызстан менен Казакстандын дипломатиялык алакаларынын түзүлгөндүгүнө отуз жыл толду.
453
Кыргызстанга жакынкы Чыгыш өлкөлөрү, Африка жана башка дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү менен кеңири соода коридорлорун өнүктүрүүнү колго алган Абу-Дабидеги AD PORTS компаниясы менен кызматташууга жол ачылды.
769
Өлкөдө сасык тумоо күч алгандыктан, Кыргызстан боюнча 200гө жакын мектеп карантинге жабылды. Бишкекте 40 мектеп онлайн окууга өтсө, Таластагы бардык билим берүү мекемелери карантинге байланыштуу окууну токтотту.
642
Сергек жашоого үндөгөн таймаш. Бишкекте Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган "Мурас” достук турнири старт алды. Оюндун негизги максаты өлкөдө футзалды жайылтып, коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.